7-апрелге карата коронавирус жуктурган 12 жаңы учур катталды

Автор -
329

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган жаңы 12 учур катталды. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, жаңы катталган учурлардын баары тең Ош облусунда. Он эки кишинин жетөө − медицина кызматкерлери,  төртөө Ноокатта: бир врач, 3 медайым.

Жалпысынан COVID -19 илдетин жуктургандардын саны өлкөдө 228ге жетти:
Ош облусу — 106;
Жалал-Абад облусу — 80;
Чүй облусунда -30;
Нарын облусу — 5
Баткен облусу — 4;
Ысык-Көл облусунда — 3.