Акыркы суткада 13 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул туурасында бүгүн, 8-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Маалыматка караганда, 8-апрелге карата өлкө боюнча 42 адамдан вирус аныкталса, алардын он үчү — медицина кызматкерлери.
Алар:
−Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык станциясынан -1;
−Ош облусунун жугуштуу оорулар ооруканасынан — 8 (төрт врач, төрт медициналык кызматкер);
−«Азия кардиодон» -2 ( 1 врач, 1 медсестра);
−Ош облустук бириккен ооруканада — 1 (кенже персонал).
Буга чейин 19 медицина кызматкерлеринин коронавирус жуктуруп алганы айтылган. Ошону менен бүгүнкү күндө COVID-19 илдетине чалдыккан медиктердин саны 32 адамга жетти.
• Бишкек – 4,
• Ош облусу – 20,
• Жалал-Абад облусу – 7,
• Баткен облусу – 1.