COVID-19: өткөн суткада 13 бейтап айыгып чыкты

Автор -

Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 13 бейтап айыгып чыкты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында дарыланып жаткан 13 бейтап чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери аларда коронавирус жок экенин көрсөткөн.

Жалпы өлкө боюнча коронавируска чалдыккан адамдардын саны 419 болсо, алардын 67си ооруканадан чыгарылды, 5 бейтап каза тапты.