ТИМ: Новосибирск — Бишкек багытында чартердик каттам болбой калды

Автор -
Башкы консулдуктун кызматкерлеринин мекендештер менен жолугушуу учуру

Новосибирск-Бишкек-Новосибирск багытында 11-апрелге белгиленген «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын чартердик рейси болбой калды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда Новосибирск шаарындагы мейманканаларда Кыргызстанга кетүүсүн күтүп жаткан 132 кыргызстандык мекенге кетүүнү күтүп жатышат. Башкы консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугуп, жарандарга «Кыргызстандагы коронавируска байланышкан кырдаалга ылайык жакын арада Мекенге авиакаттамдар болбой тургандыгы» кабарланды. 

Бүгүнкү күндө 136 кишинин жатаканасын Эл аралык миграция уюму каржылап, тамак- аш маселесине кыргыз диаспорасы жардам бермей болгон. 

Ошону менен бирге 11–апрель күнү каза болгон үч кыргыз жаранынын сөөгү (груз 200) Казакстан аркылуу автомобилдик транспорт менен Кыргызстанга жөнөтүлдү.

ТИМ Кыргызстан жарандарын Россия бийлиги киргизген медициналык жана санитардык эрежелерди бекем сактоого жана эпидемологиялык кырдаал турукташканга чейин Кыргызстанга барбай турууга чакырат. 

31-мартта коронавируска байланыштуу Новосибирск облусунда адамдардын көчөгө чыгышына убактылуу тыюу салынган.