Кытай ноябрда коронавирустун жаңы толкунун божомолдоодо

Автор -

Ноябрда коронавирустун жаңы толкуну башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Кытайдын «Хуашань» ооруканасындагы жугуштуу илдеттер бөлүмүнүн башчысы, COVID-19 вирусун айыктыруу боюнча ыкчам топтун жетекчиси Чжан Вэньхун билдиргенин Sputnik радиосу жазды.

Дарыгердин айтымында, бул жайда адам баласы толугу менен коронавирус пандемиясын жеңе албайт.

«Коронавирус Түштүк Америка, Африка, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө жайыла баштады. Бул математикалык моделден улам кыш келгенде кайра баары үйүндө отуруп калышы ыктымал», — деди кытайлык дарыгер.

Чжан Вэньхун башынан өткөргөн тажрыйбадан улам диагностика жаатында жаңы толкун азыркы эпидемиядай курч маселе жаратпай турганын баса белгиледи.

«Бирок Африка, Түштүк Америкадагы мамлекеттер сыяктуу өлкөлөрдө медициналык ресурстар жетишсиз болгондуктан кийинки кыш да, сыягы, оңой болбойт», — деп божомолдогон эксперт.

Эске салсак, дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 1 миллион 800 миңден ашты.