Өлкөдө COVID-19 илдетинен айыккандардын саны 71 адам болду

Автор -

Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып чыкты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасында дарыланып жаткан 4 бейтаптын чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн.

«Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 71 бейтап ооруканадан чыгарылды», — деди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.