«Газпром Кыргызстан»: Апрель айы газдын баасы өзгөрүүсүз калат

Автор -

«Газпром Кыргызстан» компаниясы апрель айында газдын баасын кымбаттатпоону чечти. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти. 

Буга чейин «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы калк үчүн бир метр куб газдын баасы 15,3 сомдон 17,6 сомго чейин жогорулатылгандыгын кабарлаган. Бизнес үчүн (өнөр-жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар) бир метр куб газдын баасы 18,7 сомдон 21,3 сомго жогорулатылган. Баалардын өзгөрүшүн компания АКШ долларынын расмий курсу жогорулагандыгы менен байланыштырган.

«Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Компания коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча абалды эске алуу менен өз чечимин кайрадан карап чыгып, калкка жана коммерциялык түзүмдөр үчүн газга болгон мурдагы тарифти ордуна кайтармай болду», — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Ал эми, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын басма сөз кызматы газдын баасы ар айдын башында доллардын курсуна карата бычыларын, апрелде март айындагы бааны калтыруу чечими кабыл алынганын билдирди.

«Доллардын курсундагы айырмадан улам келип чыккан чыгымды компания өзү төлөп турат», — дешти басма сөз кызматынан.