«Эркечтам» өткөрмө бекети жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды

Автор -

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Эркечтам» өткөрмө бекетинин иши калыбына келтирилип, оор жүк ташыган автоунаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тарап 14-апрелде ушундай келишимге келишкен.

«Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайынын маселеси аймактагы эпидемиялык абалдын андан ары өнүгүшүн эске алуу менен каралат. Мында эки өлкөнүн жарандарына чек арадан өтүү чектөөлөрү сакталат.