Бүгүн илдетти 19 адам жуктурганы кабарланды. Он беши — медицина кызматкерлери

Автор -
218

Бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жуктуруп алган 19 учур катталса, анын он беши — медицина кызматкерлери. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, он беш учурдун үчөө Бишкек шаарында;
Ош облусунда — 2
Ош шаарында – 10
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 98 учур катталды.