Бир сутка ичинде жалпысынан 7 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиришти.
Анын айтымында, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан 2 бейтап, Бишкек шаарынан 5 бейтап айыгып чыккан. Алардын акыркы анализи коронавирус инфекциясы жок экенин көрсөттү.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 78 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Жалпы оору жуктургандар — 449, каза тапкандар -5.