Өлкө боюнча 16-апрелге карата 70 адам тартип бузду

Автор -

16-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ноокат, Кара-Суу райондору, Ош шаары, Сузак району жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 70 жаран жеткирилип, 15 унаа атайын жайларга токтотулду.
Бишкек шаары — 39;
Жалал-Абад шаары — 3;
Ош шаары — 11;
Нарын шаары — 8;
Ноокат району — 2;
Ат-Башы району — 7;
Ал эми Кара-Суу жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2 миң 646 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул кызматы тарабынан кармалды.