Бишкекте №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунда 4 дарыгер коронавирус жуктуруп алган

Автор -
223

Бишкекте №17 Үй-бүлөлүк медицина борбору жабылды, ал жакта төрт дарыгер коронавирус жуктуруп алган. Бул туурасында бейтапкананын башкы дарыгери Гүлнара Ташыбекова билдирди, деп жазат Kaktus.media.

Анын айтымында, медициналык жайдын кызматкерлери Мамлекеттик саниэпидкөзөмөл борборунун эпидемиологдору менен байланышта болгон.

«Мен санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери оору жуктуруп алып, ооруканага түшкөн алгачкы учурду угар замат чуу көтөрүп баштадым: ар кайсы жакка чалдым, анткени борбордун эпидемиологдору (биринчи жуктуруп алгандардын кесиптештери) бизде иштешчү. Алардын бири мага карантинде экенин билдирди.  Бул кызматкерлер биздин медиктерге барып, анализ алышчу. Биз тыгыз байланышта иштечүбүз», -деп билдирген башкы дарыгер.

Анын айтымында, алгач бейтапкананын дарыгерлеринен экспресс-тест алышкан.

«Алгач экспресс-тесттер  гана алышып, ПЧР анализ жасашкан жок. Экспресс-тест коронавирус жок деп чыкты. Мен ызы-чуу салып атып, ПЧР анализ алдырттым. Ал тест төрт кызматкерибизде коронавирус бар экенин көрсөттү. Эми бизди−45 адамды− обсервацияга алышат го. Оору жуктуруп алгандар менен байланышта болгон бул 45 адам дагы канча адам менен байланышта болду? Баарын аныктап чыгыш керек», — деген басылмага Гүлнара Ташыбекова.