Өлкөдө коронавирус жуктурган жаңы 14 учур катталды, баары — 568

Автор -
254

2020-жылдын 20-апрелине карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 14 учуру катталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен:
Бишкек ш. – 4
Чүй облусу – 2
Ош ш. – 4
Жалал-Абад облусу — 3
Нарын облусу – 1

Республика боюнча жалпы ооруга чалдыккандар 568 адамга жетти.