Дагы 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктурду, баары — 140

Автор -

Бир сутка ичинде 14 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, алардын алтоо — медицина кызматкерлери. Бул туурасында бүгүн, 20-апрелде Республикалык штабдын маалымат борборундагы брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы катталган учурлардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 3, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 1, Бишкек шаарында 1 учур катталган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 140 учур катталды:
Дарыгерлер – 39
Орто медкызматкерлер – 58
Кичүү медкызматкерлер – 23
Башкалар – 20
Алардын ичинен 10 ашыгы айыгып чыкты