Бүгүн Кыргызстанга Кытайдан дарыгерлер келди (фото)

Автор -
244
Кытайдан келген дарыгерлерди аэропорттон тосуу учуру, 20.04.20

Бүгүн Кыргызстанга Кытайдан медициналык кызматкерлердин тобу келди. Бул туурасында өкмөттөн маалымдашты.

Кытай медиктери ата мекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары, алар дарыгерлерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт.

Белгилесек, биздин өлкөгө Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинь менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген.