Москвада өз баласына карата зомбулук көрсөткөн кыргыз жараны эки айга камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын 17-апрель күнү Интернет түйүндөрүндө Москвада кыргызстандык жаран өз батиринде жашы жете элек баласына зомбулук көрсөткөн видео тарап, ал коомчулук тарабынан кызуу талкуу жараткан.
Кийин ал жарандын өздүгү такталып, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Ал үй-бүлөсү менен 2019-жылы 16-октябрында Россияга барып, Москва шаарында жашап жаткандыгы маалым болгон.
«ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча Кылмыш иликтөө башкармалыгына, аймактык бөлүмдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн жаранга карата РФдин мыйзамына ылайык чара көрүү боюнча кат жөнөтүлүп, Москва шаарынын Кунцево району боюнча бөлүмү бул фактыны каттаган. Кыргыз жаранына карата Москва шаарынын Кунцево району боюнча Тергөө комитети тарабынан РФдин Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (Уруп-согуу кыйноо) жана 156-беренесинин (Жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо) негизинде кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен Ж.Э. 2 айга камакка алынды», -деп айтылат маалыматта.