Өлкө аймагында 83 жаран коменданттык сааттын талаптарын бузду

Автор -
Иллюстрациялык сүрөт

2020-жылдын 22-апрелине карата өзгөчө абал киргизилген аймактарда 83 жаран эреже бузганы үчүн кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти.

Саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин бузган ал жарандар ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилип, 5 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:
Бишкек шаары боюнча – 59,
Жалал-Абад шаары боюнча – 7,
Ош шаары боюнча — 7,
Нарын шаары — 2,
Ат-Башы району боюнча — 3,
Сузак району боюнча — 5.
Ал эми, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында
3167 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул
тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары
менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,
экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое
берилди.