Өлкөдө СOVID-19 жуктурган жаңы 22 учур катталды, баары 612

Автор -

2020-жылдын 22-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 22 учур катталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы катталган учурлардын аймактарга бөлүнүшү:
Бишкек ш. – 10
Чүй облусу – 2
Ош ш. – 4
Ош облусу — 1
Жалал-Абад облусу — 4
Нарын облусу – 1

Республика боюнча бул илдетти жуктургандардын саны 612 адамга жетти.