Бир сутка ичинде 38 бейтап коронавирустан айыкты

Автор -

Бир сутка ичинде 38 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, илдетти жеңгендердин көбү Ош облусунда — 25, Бишкек ш. – 7,
Баткен облусу — 3, Нарын облусу – 2,  Ош ш. – 1.

Республика боюнча жалпысынан 254 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Дарылануусун улантып жаткан бейтаптардын саны 351, алардын ичинен бешөө жандандыруу бөлүмүндө.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 8 538.
— Жакын байланыштар (I категория) – 2 037
— Башка байланыштар (II категория) – 6 501
Кыргызстан боюнча обсервацияда 682 адам жатат.

Изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 36 173
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны – 36 081
Сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 1 707.

Бардыгы өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 612 адам.