Министрлик: Вирус жуктуруп алган бир милиция кызматкери жандандыруу бөлүмүндө

Автор -

COVID-19 вирусун жуктуруп алган бир укук коргоо кызматкери жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жалпы укук коргоо органдарынын 12 кызматкеринен COVID-19 вирусу табылган.

«Алардын бардыгы COVID-19 инфекциясы бар жактардын бардык категориялары менен байланышта болуп, кесиптик кызматтарын аткарып жаткан учурда илдетти жуктуруп алган», -деп билдирди министрдин орун басары.

Буга чейин Ички иштер министрлигинин ондон ашуун кызматкери обсервацияга жаткырылганы кабарланган.