Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум жылдырылды

Автор -
383

Кой-Таш окуясы боюнча бүгүнкүгө белгилеген соттук жараян экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу болбой калды. Бул туурасында Facebook социалдык тармагындагы баракчасында анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, айрым жактоочулардын жана экс-президенттин келбегенине байланыштуу соттук отурум 27-апрелге жылдырылды.

«Алмазбек Атамбаев сотко ден соолугунун абалынан улам алынып келинген жок», -деп билдирди Жолдубаева.

Эске сала кетсек, Кой-Таш окуялары боюнча ачылган иште 14 адам айыпталууда. Андан тышкары, дагы беш адамдын иши тергөө менен кызматташып жатканы үчүн өзүнчө өндүрүшкө алынган.