Бишкекте бир айда 45 жол кырсыгы катталды

Автор -

Бишкекте өзгөчө абал киргизилген бир айга жакын убактан бери 45 жол кырсыгы катталды. Бул туурасында борбор калаа коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, 25-марттан 22-апрелге чейин болгон жол кырсыктарынан 60 адам жаракат алды.

Ошондой эле, бул мезгилде 1299 кылмыш иши катталып, алардын ичинен 1180 иштин бети ачылды.

Коменданттык сааттын талаптарын 2319 адам бузду. Алардын ичинен – 2013 эркек, 306 аял киши. Анын катарында 13 өспүрүм жана 62 чет элдик жаран бар.