2020-жылдын 23-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 19 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, эң көп учур Бишкек шаарында катталган – 8, Чүй облусу – 4
Ош ш. – 4, Ош облусу — 3.
2020-жылдын 23-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 631 учур катталды. Учурда алардын ичинен 321 адам стационарда дарыланууда, беш адам жандандыруу бөлүмүндө. Ооруканада жаткан 263 адамда оору жеңил өтүп жатат. 302 бейтап бүгүнкү күнгө карата ооруканадан чыгарылды. 8 бейтап каза тапты.