Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 11 жаштагы бала сууга түшүп кетип, изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
«23-апрелде саат 17:20 чамасында Үч-Коргон айыл аймагынын Катраңкы айылында Наманган каналына 2009-жылы туулган жаш бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө ишин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу, 4 офицер, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган. Учурда издөө иштери улантылууда», — деп айтылат маалыматта.