2020-жылдын 24-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Нарын облусунда 9 адамдан, Бишкек шаарында — 6
Чүй облусу – 4, Ош ш. – 3 Ош облусу — 3 адамдан коронавирус табылды.
Республика боюнча илдет жуктургандардын саны — 656. Айыгып чыккандардын саны — 322. Каза тапкандар — 8.