Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 172 адамды түздү. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, бир сутка ичинде 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган:
Нарын облусунда – 6.
Ош облусунда – 2.
Ош шаарында – 1.
Бишкек шаарында – 1.
Ошондой эле, бүгүнкү күнгө карата 53 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Алардын ичинен: 18 дарыгер, 24 орто медперсонал, 8 кенже медперсонал жана 3 башка адис.
Кыргызстанда бардыгы болуп, инфекцияга чалдыккандардын саны — 656. Айыгып чыккандар — 322. Стационарда жаткандар — 326.