Комендант: Жасалма өткөрмө кагазын саткан жигит кармалды

Автор -

Бишкек комендатурасы жасалма өткөрмө кагазын саткан жигитти кармады. Бул туурасында бүгүн, 24-апрелдеги брифингде белгилүү болду.

«Жасалма өткөрмө кагаздары менен алектенип, аларды 1500 сомдон сатып жүргөн 1990-жылы төрөлгөн жигитти кармадык. Андан мөөр, клише жана өткөрмө кагаздар алынды», — деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

Комендант бул учурду аныктоого көмөктөшкөн журналистке ыраазычылык билдирди.