Өлкөдө коронавирус туу чокусуна жеттиби? Министрликтин жообу

Автор -
221

Бүгүн, 24-апрель күнү Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берүүдө.

Жыйын учурунда Үсөнбаев элди кызыктырган суроолорго жооп берди. Министрдин орун басарына 20-24-апрель күндөрүнө болжолдонгон коронавирустун жайылышынын туу чокусу тууралуу суроо берилди.

«Бүгүнкү күнгө чейин эпидемиологиялык абал тыкыр көзөмөлдө болуп келди. Азыр жуктургандар 656 деп айтып жатабыз. Бардыгы тең лабораториялык жол менен тастыкталып, өз убагында табылып, байланышта болгондордун баарын тең тыкыр көзөмөлгө алып отуруп, оорунун кеңири таркап кетүүсүнө шарт түзгөн жокпуз. Ошол эле учурда эпидемиологиялык параметрлерди алып карап көрсөк, өтө бийиктеп кеткен учуру байкалган жок. Биз туу чокусуна чыга турган деп айтып жатпайбызбы, биздики андай болгон жок, бийиктеп кетпей, кыйшык түрдө, туруктуу келе жатат. Биздин андай божомолду айтканыбыздын себеби, акыркы убактарда жумалык-жумалык сандарды алып, анализдеп келгенбиз. Ошондо туу чокусу 20-24-апрелге болжолдонгон. Бирок азыркыны туу чокусу деп айтууга да болбой жатат. Бир деңгээлде туруктуу кармалып жатат. Мындан ары бийиктейт деп айтуудан да алысмын. Божомолдоо- өтө опурталдуу иш. Бирок Республикалык штаб күчөтүлгөн режимди улантышы керек»,- деди Нурболот Үсөнбаев.