Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында (мурунку Воронцовка) коронавирустун 3 учуру катталды.
Turmush басылмасынын маалыматына караганда, илдетке чалдыккандардын экөө жубайлар. Эркек киши тракторчу болуп иштесе, аялы медицина кызматкери болуп эмгектенет. Алар коронавирус аныкталгандан кийин изоляцияга алынган.
«Таш-Дөбө айылы бардык тарабынан курчоого алынып, жарандарга себепсиз сыртка чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», -деп айтылат маалыматта.
Saat.kg порталына өздүк булактар илдет жуктурган аял Бишкек шаарындагы №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунда иштерин кабарлашты. Ал борбордо 8 кызматкерден вирус табылганы буга чейин маалымдалган болчу.