Жогорку Кеңеш 30-апрелде жалпы жыйынга чогулуп Кыргызстандын айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абалды узартуу же токтотуу маселесин карайт. Бул тууралуу депутат Элвира Сурабалдиева билдирди, деп жазат «Азаттык».
Ага чейин бул маселе өкмөттө каралат.
«Коронавирустан айыккандар менен жаңы жугузгандардын катышы эсептелет экен. Ушул боюнча дарыгерлер, эпидемиологдор жана вирусологдор маалымат бергенден кийин өкмөттө отурум болуп, маселе каралат деген маалымат бар», — деди Сурабалдиева.
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.
14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулган. Бул аймактарда 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин көчөгө машине жана адамдар чыкпашы керек.