Екатеринбургдан 157 жүргүнчү учуп келди

Автор -

28-апрелде «Манас» аэропортунда «Урал авиакаттамдары» авиакомпаниясынын Екатеринбург-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул каттам менен 157 жүргүнчү учуп келди. COVID-19  пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрүаба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт.