Кыргызстанда коронавирус качан токтойт? Изилдөөчүлөрдүн божомолу

Автор -
694

Кыргызстанда коронавирустун жайылуусу июнь айынын ортосуна чейин барат. Бул туурасында Сингапурдун технология жана дизайн университетинин (SUTD) изилдөөсүндө айтылат.

Изилдөөчүлөрдүн эсеби боюнча, Кыргызстан коронавирустун туу чокусунан 11-апрелде өткөн.

«15-майга чейин бул илдеттин жайылуусу 97 пайызга, 25-майда 99 пайызга кыскарат. Ал эми вирустун жайылуусу толугу менен 18-июнда токтойт», —  деп айтылат маалыматта.

Мындай алдын ала маалымат жасалма интеллекттин жардамы менен эсептелген. Анда ар кайсы өлкөлөрдүн, атап айтканда, «Our World in Data» илимий онлайн басылмасына жарыяланган регрессиялык маалыматтарга негизделген. Статистика күн сайын жаңыланып тургандыктан, алдын ала эсептөөлөрдө катачылык болушу мүмкүн жана мындай эсептөө билим берүү жана изилдөө максатында жүргүзүлүүдө. Мындан улам университет окурмандар муну божомол деп кабыл алуусу керектигин эскертет.