Ысык-Көл менен Нарында 6 адам үй карантиндин шартын бузду

Автор -

Ысык-Көл жана Нарын облустарында үй карантинин бузган фактылар аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун аймагында 2 факты, Нарын облусунда 4 факты катталган.

Тактап айтканда, 6-апрель күнү Каракол шаарынын жашоочусу Ш.К. жана 19-апрель күнү ушул эле шаар тургуну С.Н. өзүн-өзү обочолоо режимин бузушкан.  С.Н. үйдүн сыртында «карантин» деген жазууларды сыйрып, тартылган ленталарды жулуп качып кетүүгɵ аракет жасагандыгы аныкталган.

Ал эми Нарын облусунда карантин жарыялангандан баштап, эреже бузган 5 факты аныкталды. Алардын баары Ат-Башы районунда катталды. 1977-жылы туулган М.К. менен 1971-жылы туулган И.Т. Индиядан дааваттан келишип, обсервацияга жаткырылып, анализ алынган. Жыйынтыгы таза чыккандыктан, үй шартындагы карантинге коё берилишкен. Өзүн-өзү обочолоо жөнүндө тил кат бергендерине карабастан жарандар дааватка чыгууну улантышкан.

«Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн бардык фактылар боюнча Каракол ШИИБи менен Ат-Башы РИИБинин тергөө кызматы иликтөөлөрдү жүргүзүүдө. Бул жарандар эреже бузганы үчүн 20 миңден 30 миңге чейин айып пул төлөйт», — деп билдирет басма сөз кызматынан.