30-апрелден 5-майга чейин «Эркечтам-автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
«Кытай тараптын демилгеси менен, Кытай Эл Республикасынын Эмгек күнүн майрамдоосун эске алып, Кытай-Кыргыз чек арасындагы «Эркечтам-автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы 30-апрелден 5-майга чейин жабылат. Чек ара оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабык болот», — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 15-апрелден тартып «Эркечтам-автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы оор жүк ташыган автоунаалар үчүн ачылган.