4-майдан 15-майга чейин Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ачылат. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.
Анын айтымында, тестирлөөнүн өзү 21-22-июнь күндөрү өтөт.
«Бул үчүн бөлмөлөрдүн ичи дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат», — деп билдирди министр Исаков.
ЖРТ жана ЖОЖго тапшыруу ЭТАПТАРЫ:
— каттоо 4-15-майда аяктайт;
— 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
— 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
— 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
— 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
— ЖРТ жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;
— 20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;
— 27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру өтөт;
— 3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.
Адистештирилген орто окуу жайларына документтерди тапшыруу 1-июлда башталат.