Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкекте блокпосттор качан алына турганын сурады.
«Эртеңден баштап таксисттер иштеп башташат. Таксисттер электрондук өткөрмө уруксат кагазын алганга жетишпей калышат», — деди депутат.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 1-майдан тарта блокпосттордун бардыгы алынып, жөө жана авто патрулдар каларын билдирди.
Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бул боюнча бүгүн өкмөттө жыйын болгонун билдирип, нормаларды сактаган бардык таксисттер уруксат кагазын аларын айтты.
«Билдирүүнү толтуруу үчүн болгону жарым мүнөт кетет. Талаптарга жооп бергендердин баарына электрондук уруксат кагазы берилет», — деди Орозалиев.