Коменданттык саат киргизилген аймактарда 76 жаран эреже бузду

Автор -
220

2020-жылдын 1-майына карата коменданттык саат киргизилген аймактарда 76 жаран эреже бузду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында кечки саат 21.00 эртең  мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы 76 жаран коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди.

Алардын ичинен: Бишкек шаары– 48, Ош шаары -5, Жалал-Абад шаары-8,
Ат-Башы району-15.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында
3913 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул
тобу менен кармалды.  Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 329 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.