Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Лейлектеги сел жүргөн аймактарга барып, селдин кесепетинен бузулган турак үйлөрдү, имараттарды көрдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, селдин кесепетинин чыгымы 69 млн. сом деп эсептелди. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү органдарга тапшырма бергени маалымдалды. Бирок азырынча жабыркагандарга кандай жардам болоорун айтыла элек.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 2-май күнү саат 18:30дар чамасында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районунда Тогуз-Булак, Миң-Жыгач айылдарында, Кара-Дөбө айылынын Катар участогунда жана Исфана шааарынын сел өтүүчү сайларда сел жүргөн. Аталган аймактарда үйлөрдүн короолорун сел каптаган.