Ооруканаларда 245 бейтап калды. Алардын абалдары

Автор -

Кыргызстан ооруканаларында коронавирус жуктуруп алган 245 бейтап калды. Бул  туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова бүгүн, 4-майда, брифинг учурунда билдирди.

Оор абалдагы 13 адамдын алтоосу учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы 47 бейтаптын абалы орточо оор, 185 адам вирусту жеңил көтөрүп, абалдары канааттандырарлык.

5-февралдан тарта 57 109 үлгү изилдөөгө келип түшкөн. Алардын ичинен 56 488 үлгү изилденип чыкса, дагы 621 үлгү карала элек.

Өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 830га жетип, анын ичинен 575и айыгып чыкты. 10 бейтап каза болуп калды.