Чет өлкөдөн алынып келинген 5 жарандан коронавирус чыкты

Автор -

Соңку күндөрү чет өлкөдөн алынып келинген жарандардын бешөөнөн коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

«17-апрелден бери Кыргызстанга чартердик каттам менен 1 117 жүргүнчү келген, алардын баарынан ПЧР-анализдери алынган. Анкара, Стамбул, Екатеринбург, Дубайдан келген 5 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталып, бардыгы ооруканага жаткырылды», -деди ал.

Бүгүнкү күндө өлкөдө илдет жуктургандардын саны 830 адамга жетти. Айыгып чыккандар -575, каза тапкандар -10.