Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, эл ичинде Шаке деп таанылган бизнесмен Шаршенбек Абдыкеримов The Tower – One St.George Wharf имаратында квартирага ээ. Британиялык The Guardian басылмасы бул тууралуу 24-майда жазып чыкты.

“Шаршенбек Абдыкеримов – мурунку депутат, таасирдүү бизнесмен. “Аю” маркасындагы арак өндүрүүчүсүнүн жана башка ишканалардын ээси. Жакында эле Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин төрагасы болуп шайланды. 2013-жылы өкмөткө ыктаган партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири болду”, — деп айтылат.

The Tower – One St. George Wharf мунарасы

The Guardian’дан которуп Kloop билдиргендей, The Tower – One St. George Wharf мунарасы – үч бөлүктөн турган турак жай комплекси. Анын ичинде лобби, спорт борбору жана бизнес-зал бар. Өйдөңкү бөлүгүндө кадимки квартиралар жайгашкан. Ал эми акыркы кабаттарында ачык террасалары жана чоң балкондору бар “люкс” классындагы квартиралар орун алат. Алардын ар бири кеминде 3 млн доллар турат.

Бийиктиги 180 метрге жеткен 50 кабаттуу имараттын көпчүлүгү чет өлкөлүктөргө таандык. The Guardian’дын маалыматы боюнча, квартиралардын бир бөлүгү офшордук аймактар аркылуу алынган.