Канат Сагымбаев: Президенттин жакындарына элдин, өлкөнүн көйгөйү маанилүү эмеспи?

Автор -
336

УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери, учурда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, абакта отурган Канат Сагымбаев кайрылуу жасады. Анын текстин КСДП басма сөз кызматы таратты.

Кайрылууда Сагымбаев ЖК депутаты Ирина Карамушкинанын парламент жыйынында Асылбек Жээнбеков тууралуу берген суроосу жоопсуз калганын эскертет.

Текстти толук келтиребиз:

«Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын 30-апрелдеги палатанын жыйынында сүйлөгөн сөзү айрым бийликтин камчысы чаап жүргөн депутаттар тарабынан бетпактык менен бурмаланды.

Ирина Карамушкина Ислам динине жана Сауд Аравиясынын дарегине эч кандай шек жарата турган сөз сүйлөгөн жери жок. Тескерисинче, аны табалап, президенттин инисине болушкан «мырзалар» тарабынан коомчулуктун көңүлүн маселенин өзөгүнөн башка нукка буруу аракети жасалды.

«Асылбек Жээнбеков 12-мартта Сауд Аравиясынан келген учакта болду беле?» деген Ирина Карамушкинанын так жана тике суроосу жоопсуз калды.

Умра сапары жеке туристтик компаниялар аркылуу ишке ашырылат. Менин билишимче, ал жакка барып келүү үчүн жыл сайын ЖК депутаттарына жана президенттин тегерегиндеги адамдарга бекер квота каралган.

Мени жана жалпы коомчулукту да кызыктырган суроо — «мындай мүмкүнчүлүккө бул сапар кайсы депутаттар ээ болду экен?» Балким, Асылбек Жээнбеков өзү ээ болгон чыгар. Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жаралып, көйгөйлүү маселелер каралып жатканда, ЖК жыйынына Асылбек Жээнбеков эмне себептен катышпайт?  Же президенттин жакын адамдарына элдин, өлкөнүн көйгөйү маанилүү эмеспи?

Ар бир кыргыз жараны өзү шайлаган эл өкүлүнөн отчет алууга укугу бар. Ал эми эл өкүлү эл алдында отчет берүүгө милдеттүү. Эгер бийлик чындыкты жашырбаса, так маалыматты коомчулукка ачыктасын. Кезектеги көнүмүш адатынча калпын айтып, же чындыкты жашырса, Ак үйдүн өз аброюна эле шек жаралат. Элдин бийликке болгон ишеними бүгүнкү күндө ансыз да болуп көрбөгөндөй төмөн деңгээлде».