Бишкекте жолдорду оңдоо жана мектеп куруу иштери уланууда

Автор -

Коронавирус пандемиясына карабастан, борбор калаада курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев билдирди.

Анын айтымында, сентябрда жалпы аянты 1 238 чарчы метр болгон 198 орундуу №19 орто мектебин ачуу жана пайдаланууга киргизүү каралууда. Ал эми №6 мектеп-гимназиясына 3 кабаттуу имараттын курулушун баштоо пландаштырылууда.

«Жылдын аягына чейин «Чыгыш-5» кичирайонундагы жалпы аянты 2261 чарчы метрди түзгөн олимпиадалык резервдин балдар-өспүрүмдөр мектебинин курулушун аяктоо жана пайдаланууга берүү пландалууда. Мындан тышкары, Азербайжан Республикасынын каражатынын эсебинен «Көк-Жар» конушунда жалпы аянты 5345 чарчы метрди түзгөн 550 окуу орундугунун курулушу жүрүп жатат» -деди вице-мэр.

Ошондой эле, Бишкекте карантин учурунда жолдорду оңдоп-түзөө иштери да уланууда.

«Борбор калаада «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоору ишке ашырылууда, анын алкагында 49 жол аймагында узундугу 94 чакырым жолдордо иштер аткарылды. Ошондой эле «Бишкек шаарындагы 23 жол аймактардагы узундугу 40 чакырым жолдорду жабууну калыбына келтирүү» долбоорун ишке ашыруу аяктап калды», — деп билдирди вице-мэр Уланбек Азыгалиев.