2020-жылдын 8-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 11 учур катталды, алардын экөө — медицина кызматкерлери. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек ш. – 5 (бирөө медицина кызматкери);
Чүй облусу — 3;
Жалал-Абад облусу — 3 (бирөө медицина кызматкери).
Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 906 адамга (226сы медкызматкерлер) жетти. Алардын ичинен 650 жаран айыгып чыкты (163ү медкызматкер). Каза тапкандар -12 (бирөө дарыгер).