2020-жылдын 11-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 14 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек ш. – 6
Чүй облусу — 1
Ош облусу — 2
Баткен облусу — 1
Нарын облусу — 2
Ысык-Көл облусу — 2
Республика боюнча оору жугузгандардын саны 1016 адамга жетти. Айыгып чыккандар — 688. Каза тапкандар -12.