Бишкекте бет капсыз жүргөндөргө айып салынат

Автор -

Бишкекте санитардык эрежелердин сакталышына өзгөчө көңүл бурулат. Бул туурасында брифинг учурунда мэр Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, бет кап тагынбаган адамдарга айып салынат. Айыптын өлчөмү миң сомдон 5 миң сомго чейин барат.

«Мунун баары оорунун жугушунун алдын алуу үчүн жасалууда», -деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 11-майдан баштап өзгөчө абалдын алынышы менен Бишкекте комендатура жоюлду. Эми анын ордуна коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу максатындагы чаралар жөнүндө чечимдерди мэрия кабыл алууга укуктуу.