Бүгүн, 12-майда Бишкек шаардык сотунда юрист Нурбек Токтакуновдун УКМКнын үстүнөн жазган арызы каралат. Бул тууралуу Токтакунов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Юрист сотко берген арызында УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун байлыгын текшерүү боюнча ишти Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүнчө катташын талап кылып жатат.
Буга чейин ушундай эле талап менен ал Башкы прокуратуранын үстүнөн сотко арызданган. 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Нурбек Токтакуновдун журналисттик иликтөөлөргө байланыштуу жазган арызы боюнча ишти карап, юристтин өтүнүчүн канааттандырган эмес. Ага чейин Токтакуновдун арызын Октябрь райондук, Бишкек шаардык соттору канааттандырган эмес.
«Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун чыгашасы кирешесинен көп экенине көңүл бурууну жана мыйзам бузулганы аныкталса, чара көрүүнү тергөө органдарынан талап кылып келет.