Бишкекте Эне жана баланы коргоо борборунун төрөт үйү ишин убактылуу токтотту

Автор -

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйү 10-майдан 25-майга чейин кош бойлуу жана төрөй турган айымдарды кабыл алууну токтотту. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Учурда аталган клиникалык төрөт үйүндө обсервация шартында болгон кызматкерлердин тизмеси түзүлүп, бейтаптар менен иштөө улантылып жатат. Бардык бейтаптардан жана кызматкерлерден COVID-19 илдетине ПЧР-диагностика алынды.

Карантин убагында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнө бара турган кош бойлуу айымдарды графиктин негизинде борбордун башка төрөт үйлөрү кабыл алышат. Аймактардагы бардык мезгилсиз төрөттөр жана төрөөчү айымдар Бишкек шаарындагы Перинаталдык борборго жөнөтүлөт.

«Бүгүнкү күндө аталган клиникалык төрөт үйүндө медкызматкерлердин көзөмөлүндө 111 бейтап жатат, 64 аялдын ичинен ону кош бойлуу, калганы жаңы төрөгөндөр жана 47 жаңы төрөлгөн ымыркай, алардын ичинен 11и реанимацияда», -деп айтылат маалыматта.