Быйыл Кадыр түн 20-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.
Ал эми Орозо айт качан болорун Уламалар кеңеши аныктайт.
«Айт качан болору келе турган айдын жаңырышына жараша белгилүү болот. Аалымдар кеңеши Кадыр түнгө жакын карайт» -деп айтылат маалыматта.
Быйылкы Орозо айы 24-апрелде башталган. Кадыр түн орозонун 27-түнүндө болот.