Март айында 6 283 медициналык кызматкер компенсациялык төлөмдү алышты, деп билдирет Республикалык штаб. Төлөмдүн жалпы суммасы 36 млн 704 миң 639,62 сомду түздү.
- Бишкек ш. – 1112 медициналык кызматкерге 8 млн 744 миң 861,08 сом
- Ош ш.– 362 медкызматкерге 1 млн 725 миң 788, 69 сом
- Ош облусу – 1047 медкызматкерге 7 млн 64 миң 552,15 сом
- Жалал-Абад облусу – 1182 медкызматкерге 5 млн 460 миң 615,99 сом
- Чүй облусу – 835 медкызматкерге 3 млн 733 миң 704,93 сом
- Баткен облусу – 500 медкызматкерге 3 млн 336 миң 514,11 сом
- Нарын облусу – 499 медкызматкерге 2 млн 655 миң 464,44 сом
- Ысык-Көл облусу – 479 медкызматкерге 2 млн 629 миң 737,1 сом
- Талас облусу – 267 медкызматкерге 1 млн 363 миң 401,22 сом
Ал эми апрель айында эпидемия очокторунда иш алып барган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөө максатында 105 млн 400 миӊ сом каражаты которулду.
Ошондой эле, коронавирус инфекциясын жугузуп алуунун кесепетинен каза болгон саламаттык сактоо уюмунун медициналык кызматкери Ж.А. Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 000 000 сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүлдү.